Дыйкандардын түшүмүн сактоо жана экспорттоо үчүн шарттар түзүлүүдө

Экономика
Дыйкандардын түшүмүн сактоо жана экспорттоо үчүн шарттар түзүлүүдө
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 19.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда дыйкан-фермерлердин түшүмүн сактоо жана экспорттоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында соода-логистикалык борборлордун тармагы өнүгүүдө.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, учурда өлкө боюнча 49 борбор иштеп жатат.

"Алардын тогузу 2026-жылы ачылган. Соода-логистикалык борборлордун жалпы аянты 32 миң 196,89 чарчы метрди түзөт. Ал эми жашылча сактоочу кампалардын жалпы сыйымдуулугу 171 миң 938 тоннага жетет", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, аталган борборлор фермерлерге түшүмдү жоготуусуз сактоого, өз убагында сатууга жана экспортко чыгарууга шарт түзөт. Буга чейин мындай борборлорду өнүктүрүүдө каржы булактарынын чектелүүлүгү көйгөй жаратып келген.