Баткенде чек ара окуяларынын курмандыктары эскерилди

Аймак Жүктөлүүдө... 16 Сентябрь 2025 13:08
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 16.09.25. /Кабар/. Баткенде чек ара окуяларынын курмандыктары эскерилди. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Эскерүү иш-чарасы бул ирет Ак-Татыр айылындагы курман болгондордун элесине арналып тургузулган эстелик мемориалында өттү.

Ага президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов, район акими Данияр Иманалиев жана чек ара окуяларында курман болгондордун жакындары катышты.

Алгач эстеликке гүлчамбар коюлуп, алардын арбагына багышталып куран окулду.

Ушундай эле иш-чара Лейлек районунун Раззаков шаарында дагы өтүп, район акими Асылбек Жеңишбек баштаган жергиликтүү жетекчилер, чек ара шейиттеринин жакындары катышты.