Баткенде үч ипотекалык турак жай комплекси курулууда

Аймак 25 июль 2025 14:14
523864442_1284429643050488_6722811999482770621_n.jpg
523974551_1284428526383933_717959016975783458_n.jpg
522652678_1284428413050611_3517254552922610430_n.jpg
521461800_1284429223050530_8383796768620756648_n.jpg
522726470_1284429656383820_4721978591102147011_n.jpg
521913669_1284429246383861_3974744940209726722_n.jpg
521570909_1284428503050602_256363870235740260_n.jpg
524312461_1284429529717166_5822599040687925505_n.jpg
521495861_1284429266383859_3608548220637480588_n.jpg
521895844_1284429156383870_5195335239938371066_n.jpg
522689329_1284429733050479_7224159272476802731_n.jpg
522692166_1284429699717149_7692012899303631702_n.jpg
522816217_1284428419717277_6083783667659937484_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 25.07.25. /Кабар/. Баткен шаарында "Менин үйүм - 2021-2026” турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында көп батирлүү үйлөр курулууда.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, облус башчысы Айбек Шаменов ипотекалык үйлөрдүн курулушунан кабар алып, иштин жүрүшү боюнча жеринде куруучулардын маалыматын укту.

Шаардын Курманжан датка жана Алымбек датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги 7 гектар аянтта "Асман резиденс №1" турак жай комплексинде 3, 2 жана 1 бөлмөлүү 12 кабаттан турган 37 блок үйдүн курулушу жүрүүдө. Батирлердин жалпы саны 2364.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, курулушту 2026-жылдын соңунда аяктоо пландалган. Учурда курулуштун алды 6-кабатка көтөрүлдү. Курулуш материалдары, техникалар жетиштүү. 500дөй жумушчу иштеп жатат.

Долбоор боюнча көп кабат үйлөрдүн алдында спорттук жана балдар аянтчалары, жер алдындагы унаа токтоочу жайлары, коомдук тамактануучу жайлар жана соода түйүндөр пландалган.

Белгилей кетсек, “Менин үйүм - 2021-2026” турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында Баткен шаарында 12 кабаттуу "Асман резиденс №1", "Асман резиденс №2" "Асман резиденс №3" турак жай комплекстери, Курманжан датка-Алымбек датка көчөлөрүндө, Садыков жана Нургазиев көчөлөрүндө курулуп жатат. Үч комплекстеги батирлердин жалпы саны 4116ны түздү. Ал эми Ипотекалык үйлөр облустун бардык район шаарларына, чек арага чектеш айылдарда куруу пландалган, ал үчүн жер участоктору ажыратылып, сунуштар жиберилген.