Баткенде бажы инспектору миң доллар пара менен кармалды

Укук тартиби Загрузка... 28 Август 2025 12:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 28.08.25. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын "Баткен" бажысынын улук инспектору пара бергендиги үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 26-августта пара берүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам иштеринин натыйжасында 1000 доллар өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен Мамлекеттик бажы кызматынын "Баткен" бажысынын улук инспектору К.Г.Б. кармалды.

Кармалган бажы кызматкери Коопсуздук жана коррупцияга каршы күрөшүү кызматы башкармалыгынын кызматкерине кызматтык иликтөө боюнча оң чечим чыгарып берүүсү үчүн пара берген.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында инспекторго карата "Пара берүү" беренесинин негизинде айып тагылып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.