Баткенде аткезчиликке бөгөт коюу жолдору талкууланды

Аймак 26 Март 2025 16:23
486563146_1195252048634915_2491157612994827486_n.jpg
486631982_1195252158634904_6431851966061266682_n.jpg
486638996_1195252155301571_527849827670061367_n.jpg
486640313_1195252041968249_8200285293054150896_n.jpg
486655474_1195252201968233_4750023209289387889_n.jpg
486755680_1195252251968228_7286587211923306435_n.jpg
487224022_1195252075301579_5015167746684660275_n.jpg
Алдыга
Артка
486563146_1195252048634915_2491157612994827486_n.jpg
486631982_1195252158634904_6431851966061266682_n.jpg
486638996_1195252155301571_527849827670061367_n.jpg
486640313_1195252041968249_8200285293054150896_n.jpg
486655474_1195252201968233_4750023209289387889_n.jpg
486755680_1195252251968228_7286587211923306435_n.jpg
487224022_1195252075301579_5015167746684660275_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 26.03.25. /Кабар/. Бүгүн президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменовдун жетекчилиги астында аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешме өттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Кеңешмеге район-шаар башчылары, укук коргоо органдарынын жетекчилери, чек арага чектеш айыл аймак башчылары катышты.

Облус башчысы аткезчиликке бөгөт коюу боюнча буйруктар, протоколдук тапшырмаларга карабай, аткезчилик өсүп жатканын, бул маселе облустагы негизги көйгөй бойдон турганын белгилеп, аткарылып жаткан иш-аракеттер боюнча тийиштүү жетекчилердин маалыматын укту.

Кеңешмеде аткезчиликти токтотуу жолдору талкууланды.

Адистердин айтымында, аткезчилик менен кармалган жарандар үчүн жаза чаралар жеңил болгондуктан, көрүлгөн иш-аракеттер натыйжасыз болуп жаткандыгы айтылып, мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушу ортого салынды.

Жетекчилер кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын демаркациялоо иштери аяктаганга чейин мыйзам чегинде жазаны катаалдаштыруу менен көйгөйдү чечүү жолун натыйжалуу деп белгилешти.

Учурда мыйзамга ылайык, чек арадан 500 миң сомго чейинки мыйзамсыз жүк менен кармалган жарандар үчүн 5500сом айып пул каралган.

Акыркы учурларда Лейлек районунун жана Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Тажикстан менен чектеш аймактары аткезчилик көп катталган аймак болууда.

Айбек Шаменов кеңешменин жыйынтыгында аткезчилик менен алектенген жарандардын айынан суроо-талап күч болгон товарлардын баасы жогорулаарын, эч кандай документи жок, сапатсыз азык-түлүктөр чек арадан кирип, калктын саламаттыгына кооптуу учурлар жаралаарын эскертип, анын алдын алуу боюнча төмөнкүдөй тапшырмаларды койду. Алар:

  • жергиликтүү бийлик органдары эл арасында түшүндүрүү иш-чараларын күчөтүү;
  • жергиликтүү бийлик, аймактык милиция бөлүмчөлөрүнүн башчылары, ветеринарлар, мобилдүү топтор менен чогуу иш алып барып, сырттан келген мал-жандыктарды карантинге жана каттоого алуу иш-чараларын жүргүзүү;
  • аткезчилик фактылары катталган жерлерге видео камераларды орнотуу;
  • ар бир аткезчилик фактысы боюнча терең изилдөө жүргүзүү;
  • коңшу мамлекеттерге товар өткөрүү, чек ара көзөмөлдөп өткөрүү жайлары аркылуу гана мыйзам чегинде ишке ашырылышы керек.

Белгилей кетсек, УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамы тиешелүү органдары менен биргеликте 2025-жылдын 1-январь айынан тартып бүгүнкү күнгө чейинки аралыкта жалпысынан 48 аткезчилик фактысын, Баткен бажысынын контрабанда жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмү тарабынан 61 фактысы аныкталган.