Баткенде АРИС аркылуу экономикалык долбоор ишке ашат

Аймак 07 Октябрь 2025 15:13
560300802_1344571563702962_8533616788878865817_n.jpg
559159197_1344571633702955_308967979871100491_n.jpg
Алдыга
Артка
560300802_1344571563702962_8533616788878865817_n.jpg
559159197_1344571633702955_308967979871100491_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 07.10.25. /Кабар/. Баткен облусунда АРИС аркылуу экономикалык долбоор ишке ашат. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, бүгүн Баткен шаарында АРИСтин “Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоорду” ишке ашыруунун алкагында тегерек стол өттү.

Долбоор климаттын өзгөрүшүнө туруктуу социалдык-экономикалык инфраструктурага жеткиликтүүлүктү жакшыртуу жана аялдар менен жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатын көздөйт.

Баткен облусунан аталган долбоорго Самаркандек, Исхак Полотхан, Кең-Талаа айыл аймагы кирген.

Бүгүнкү жыйындын жүрүшүндө АРИС менен жергиликтүү бийлик органдары 2026-2029-жылдарда аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюшту.

Эске салсак, “Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоорго” 7 облустун 40 районунан 40 айылдык аймак тандалып алынган. Ага ылайык, социалдык объекттерди жылуулук, электр, суу менен камсыз кылуу жана ирригация системаларын оңдоого гранттар берилет.

Долбоорго бөлүнгөн жалпы сумма 27 млн АКШ долларын түзөт, анын ичинен 25 млн доллары Дүйнөлүк банктын, 2 млн доллары “Эрте билим берүү боюнча өнөктөштүк” фондунун гранты.