Баткенде “Апрель” жана “Жоогазын” революцияларына арналган илимий конференция өттү

Аймак 7 апрель 2025 17:42
488885121_1204738124352974_5721328558601724125_n (1).jpg
489752665_1204738041019649_2165335121733499461_n.jpg
488896611_1204738061019647_7220111399528035009_n.jpg
488917918_1204738057686314_4877568169044151869_n.jpg
489021772_1204738164352970_3175569056728007873_n.jpg
489219123_1204738144352972_3931373533030057510_n.jpg
Алдыга
Артка
488885121_1204738124352974_5721328558601724125_n (1).jpg
489752665_1204738041019649_2165335121733499461_n.jpg
488896611_1204738061019647_7220111399528035009_n.jpg
488917918_1204738057686314_4877568169044151869_n.jpg
489021772_1204738164352970_3175569056728007873_n.jpg
489219123_1204738144352972_3931373533030057510_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүнүн басма сөз кызматы

Бишкек, 07.04.25. /Кабар/. Бүгүн Баткен мамлекеттик университетинде “24-март Элдик революция күнүнүн” 20 жылдыгына, “7-апрель Элдик апрель революциясынын” 15 жылдыгына карата “Элдик революциянын саясий сабактары жана тарыхый таасирлери” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул тууралуу президенттин Баткендеги өкүлчүлүгү билдирет.

Илимий-практикалык конференциянын максаты – 24-март жана 7-апрель революцияларынын тарыхый маанисин, анын саясий, социалдык жана экономикалык процесстерге тийгизген таасирин талдоо, ошондой эле анын азыркы коомго тийгизген узак мөөнөттүү таасирин талкуулоо болду.

“Кыргыз эли 24-март жана 7-апрелде авторитардык бийликтин саясатынын тереңдешине каршы тура алды. Бул элибиздин кылымдарды карыткан, кайратман эл экендигин, эркиндикти сүйгөн эл эч качан авторитардык, диктатуралык режимди тааныбай тургандыгын далилдеди. Натыйжада жергебизге тынчтык, туруктуулук келди.
Кыргыз мамлекеттүүлүгү бекемделип, өнүгүү жолуна чыкты, маданият менен кыргыз салты кайра жанданды, элдин намысы ойгонду, кыргыз көчү кайрадан жолго салынып, кең келечекке жол ачылды. Ошондуктан мындан ары биз бул күндөрдү, келечекке жол ачкан күн катары тосушубуз керек”, - деп белгиледи конференцияга катышкан Баткен облусунун башчысынын орун басары Жаныбек Исаков өз сөзүндө.

Иш-чара Баткен мамлекеттик университетинин ректору, профессор Айдар Гыязовдун, “Кыргызстандын саясий жаңылануу жолундагы элдик көтөрүлүштөр: себептер жана келечек перспективалары” аталышындагы баяндамасы менен улантылды.

Ошондой эле окуу жайдын доценти Шайыр Шеров, “2005-2010-жылдардагы түстүү революциялар, эгемендүү Кыргызстандын коомдук саясий турмушундагы трансформациялык жараяндын башаты” аталышында баяндама жасады.

Конференциянын соңунда 24-март жана 7-апрель окуяларында курман болгон мекендештердин арбагына багышталып куран окулду.