Баткенде алдамчылык, кибер коопсуздук жана коррупция боюнча жыйын өттү

Аймак 1855 25 Апрель 2025 15:14
493316520_1218354896324630_3929736779961506020_n.jpg
492506351_1218355166324603_33661360024626833_n.jpg
492888586_1218355006324619_2518723833770759485_n.jpg
493022586_1218355079657945_2273069335834880211_n.jpg
493289141_1218355189657934_3862403831891607064_n.jpg
493306852_1218354976324622_5949807585720772881_n.jpg
493312323_1218355222991264_6581504581086400657_n.jpg
493317752_1218355116324608_2112863875181366521_n.jpg
493323238_1218354936324626_1286437288537730219_n.jpg
493326404_1218354939657959_3204909225708717340_n.jpg
493542799_1218355066324613_2137618970964845412_n.jpg
493682065_1218355272991259_3451461670072387059_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 25.04.25. /Кабар/. Бүгүн Баткен шаарында финансылык алдамчылыктын алдын алуу, кибер кылмыштуулк менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттер тууралуу мыйзамдардын аткарылышы боюнча жыйын болуп өттү.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, аны президенттин облустагы өкүлү Айбек Шаменов жетектеп, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана укук коргоо кызматкерлери катышты.

Жыйында Ички иштер министрлигинин академиясынан келген адистер финансылык коопсуздук, интернеттеги кылмыштар жана калктын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча маалымат беришти.

Өзгөчө көңүл төмөнкү маселелерге бурулду:

  • Мамлекеттик органдардын атынан жасалган алдамчылык учурларынын көбөйүшүнө байланыштуу ар бир кызматкер кантип коргоонуну билиши керектиги;
  • Массалык маалымат каражаттары аркылуу калкты финансылык коопсуздукка үйрөтүү зарылдыгы;
  • Мектептерде жана ЖОЖдордо кибер алдамчылык жана жалган аккаунттар тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Мобилдик байланыш жаатында да коопсуздук чаралары сунушталды:

  • SIM-карталарды каттоо биометрикалык маалымат аркылуу жүргүзүлүшү керек, корпоративдик номерлерди компанияга эмес, абоненттерге каттоо зарыл;
  • Бир адамга 1 жыл ичинде 5тен ашык SIM-карта берилбеши керек;
  • Чет өлкөлүктөргө SIM-картаны онлайн каттоого тыюу салуу сунушталды;
  • Корпоративдик номерлер компаниянын эмес, жеке абоненттин атына катталышы зарыл.

Ошондой эле жыйында коррупцияга каршы мыйзамдардын аткарылышы боюнча прокуратура кызматкерлери маалымат берип, жаңы мыйзамдык өзгөрүүлөр тууралуу түшүндүрмө беришти.