Баткенде айыл чарба жерине курулуш жүргүзгөндөр айыпка жыгылды

Аймак

Алдыга
Артка

copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 04.06.26 /Кабар/. Баткен районунда айыл чарба жерине мыйзамсыз курулуш жүргүзгөндөр айыпка жыгылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Кеп-Таш участогунда жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө эки жаран айыл чарба багытындагы жер тилкелерине мыйзамсыз курулуш жүргүзгөнү аныкталды.

Аталган мыйзам бузуу фактылары боюнча жарандарга жазуу түрүндө эскертүү берилип, мыйзам талаптарына ылайык ар бирине 40 миң сомдон, жалпы 80 миң сом өлчөмүндө доо коюлду.

Мындан тышкары, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык эки жаранга жалпысынан 6 миң сом өлчөмүндө айып салынды.