Баткенде айгүл гүлү гүлдөдү – сүрөт

Аймак 07 Апрель 2026 17:50
663348886_1488262459333871_3259605127054414965_n.jpg
666091407_1488262406000543_6718399352598550417_n.jpg
666044470_1488262169333900_5992331407540060093_n.jpg
667773778_1488261559333961_6521350677376592608_n.jpg
661008644_1488262252667225_651342773674133205_n.jpg
668160605_1488262286000555_4005328039226993865_n.jpg
663309322_1488262219333895_4236673000798416395_n.jpg
661439978_1488262306000553_4516191095594378526_n.jpg
663175487_1488262426000541_2302724309002322725_n.jpg
662651495_1488262259333891_1995157086893234410_n.jpg
666663680_1488262336000550_901105303967364178_n.jpg
665845819_1488262369333880_991779999406053418_n.jpg
667041741_1488259706000813_7261963395948368204_n.jpg
665489391_1488262162667234_2441098599955715321_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 07.04.26. / Кабар/. Баткен жергесинин керемети жана символу болгон айгүл гүлү гүлүн ачты.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда гүл тегиз гүлүн ачып турган мезгил. Узун жалбырактуу, кызгылт сары түстөгү коңгуроо сымал желекчелери бар гүлдүн бийиктиги бир метрге жетет.

Гүлдүн өзгөчөлүгү жалаң тоонун тескей тарабында өскөндүгү. Айгүл гүлү дүйнөдө сейрек кездешкендиктен кызыл китепке кирген.

Айгүл гүлү пияз түп байлагандан жети жыл өткөн соң, биринчи гүлүн ачат. Жыл өткөн сайын ага бирден желекче кошулуп турат. Көрөр замат эле жашын билсе болот. Элдин айтымында, 34 гүлү бажырайып ачылган учурлар болгон.

Белгилей кетсек, Баткен облусунун Баткен районунунун аймагында жайгашкан “Айгүл-Таш” өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагын коргоо жана дүйнөдө сейрек кездешүүчү айгүл гүлүн сактап калуу, мындан ары көбөйтүү максатында 2026-жылдын 1-мартынан тартып 2030-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөткө калкты кабыл алууга убактылуу тыюу салынган. Бул боюнча Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын токтому чыккан.

Кабыл алынган чектөө мезгилинде, “Айгүл-Таш” өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагын күчөтүлгөн тартипте коргоого алуу менен жаңыдан себилген айгүл гүлүн өсүүсүнө кам көрүү жагы Баткен райондук токой чарбасынын жетекчилигине тапшырылган.