Бишкек, 05.09.25. /Кабар/. 2025-жылдын капиталдык курулуш жана реконструкциялоо иштеринин алкагында Баткен облусунда 4 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылып, жаңы жабдуулар орнотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул иштер "Кыргызстан улуттук электр тармактар" ААКтын өздүк каражатынын эсебинен каржыланды.
Кубаттуулугу жогорулатылган көмөк чордондор:
- Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталындагы 35/10 кВ “Животноводческая” көмөк чордону 10 000 кВАдан 16 000 кВАга;
- Лейлек районунун Раззаков шаарындагы 35/10 кВ “Исфана” көмөк чордон 6 300 кВАдан 10 000 кВАга;
- Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы 35/10 кВ “Уч-Коргон” көмөк чордон 4 000 кВАдан 6 300 кВАга;
- Кадамжай районунун Күлдү айылындагы 35/10 кВ “Кульдинская” көмөк чордон 2 500 кВАдан 4 000 кВАга жогорулатылды.
Белгилей кетсек, азыркы учурда Баткен электр тармактар ишканасынын көмөк чордондор кызматында жалпы 50 көмөк чордон бар:
- 220 кВ — 2 даана;
- 110 кВ — 14 даана;
- 35 кВ — 34 даана.