Баткенде 3 көмөк чордон капиталдык оңдоодон өттү

Аймак 20 Март 2026 11:10
2.jpg
1.jpg
654132350_18097401143476120_2253259147920945778_n.jpg
654575754_18097401131476120_8282327020626143762_n.jpg
655041737_18097401116476120_6276781244734523856_n.jpg
656250117_18097401146476120_6811103639320935419_n.jpg
Алдыга
Артка
2.jpg
1.jpg
654132350_18097401143476120_2253259147920945778_n.jpg
654575754_18097401131476120_8282327020626143762_n.jpg
655041737_18097401116476120_6276781244734523856_n.jpg
656250117_18097401146476120_6811103639320935419_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 20.03.26. /Кабар/. 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине карата калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында Баткенде 3 көмөк чордон капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, 35/10 кВ "Кара-Токой-2", 35/10 кВ "Ак-Турпак" жана 35/6 кВ "Ширеч" көмөк чордондорунда кеңири көлөмдөгү оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү.

Оңдоо иштеринин жүрүшүндө трансформаторлор толук техникалык кароодон өткөрүлүп, эскирген жабдуулар жаңыланды. Ошондой эле электр жабдууларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында коргоо жана автоматика системалары текшерилип, тиешелүү оңдоо иштери аткарылды.

Мындан сырткары, көмөк чордондордун аймагында санитардык тазалоо иштери жүргүзүлүп, коопсуздук талаптарына ылайык тартипке келтирилди. Жабдуулардын үзгүлтүксүз жана коопсуз иштешин камсыз кылуу үчүн бардык техникалык талаптар сакталды.