Баткенде 1000 айым катышкан чуркоо боюнча марафон өттү

Аймак 06 Апрель 2025 12:12
488982189_1203374461156007_8853808313726236979_n.jpg
488974865_1203374267822693_4042637422033613145_n.jpg
488729552_1203385151154938_2924977395835135155_n.jpg
488763748_1203384451155008_6758825437245947731_n.jpg
488727354_1203383427821777_7802773455295891163_n.jpg
488658759_1203383054488481_692674572956992116_n.jpg
488729559_1203381567821963_2675916050969670983_n.jpg
488865236_1203379684488818_4909248691382177928_n.jpg
488655448_1203379444488842_8965187884702665928_n.jpg
488602217_1203397034487083_4196745787958264562_n.jpg
488659124_1203375347822585_92079993728044992_n.jpg
489031186_1203373427822777_1150911896145474282_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы

Бишкек, 06.04.25. /Кабар/. Күн мурун Баткен облусунун Кадамжай районунда 1000ден ашуун айым катышкан жай чуркоо иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, айымдар арасында сергек жашоо образын калыптандырууну демилгелеген Венера Нусуратиллаева баштаган жергиликтүү активисттердин, айымдарды таң эрте чуркоого болгон чакырыгы 1000ден ашуун айымдын башын бириктире алды.

Айымдардын аракети Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан да колдоого алынып, Баткен жана Ош облусунан чогулган айымдар, тазалык, ден соолук, ынтымак үчүн марафонго катышты. Анда алар 6,5 чакырым аралыкка чуркашты.

Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков да катышып, облус башчысы Айбек Шаменовдун куттуктоосун окуп, сыйлыктарын тапшырды.

Жаныбек Исаков өз сөзүндө "Дени сак аял, дени сак улут" деп белгилеп, облус башчысы сергек жашоого умтулган айымдардын демилгесин колдоого аларын айтып, коомду алга сүрөгөн айымдарга ыраазычылык билдирди.