Баткен жана Согди облустарынын башчылары жолукту. Эмнелер талкууланды?

Аймак 29 сентябрь 2025 16:10
555733843_1337604687732983_156456805987940982_n (1).jpg
556101722_1337604794399639_7243165559761365529_n.jpg
555712009_1337604764399642_7460678017033823257_n.jpg
556226447_1337604661066319_6719590187246511073_n.jpg
556372787_1337604664399652_2085142345614236501_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 29.09.25. /Кабар/. Бүгүн, 29-сентябрда Кыргызстан президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов жана Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода кыргыз-тажик чек арасында жолукту.

Баткендеги өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууга чектеш райондордун акимдери, облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.

Облус башчылары жолугушууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун жыйынтыгы менен, эки тараптан тең алмашуу макулдашылган айыл аймактардын тургундарын көчүрүүгө байланыштуу маселелерди, чек араны демаркациялоодо, чек ара сызыгын, короо жай, бак дарактардан, коммерциялык объекттерден тазалоо иштерин жүргүзүү, эл арасында түшүндүрүү иштерин алып баруу боюнча маселелер талкууланды.

Ошондой эле чек ара аймактарындагы коомдук коопсуздукту сактоо, жергиликтүү тургундардын ортосунда жакын кошуналык мамилелерди чыңдоо, ар тараптуу кызматташууну жакшыртуу багытында иш аракетерди улантуу макулдашылды.