Баткен шаарындагы Калкты тейлөө борборунан өрт чыкты

Аймак Загрузка... 01 Апрель 2026 15:52
659809598_1483446529815464_6236098991878613789_n.jpg
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. Бүгүн, 1-апрелде Баткен шаарындагы Калкты тейлөө борборунун имаратында өрт чыкты. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, өрт кыска убакыттын ичинде өчүрүлгөн. Жарандар жабыркаган эмес.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери тиешелүү кызматтар тарабынан такталууда.

Облус башчысы Мамыржан Рахимов калкты тейлөө кызматтарын үзгүлтүккө учуратпоо максатында мобилдик кабылдамаларды уюштурууну тапшырды.

Ошондой эле мэрге кыска мөөнөттө ылайыктуу имарат таап, борборду убактылуу жайгаштырууну тапшырды.