Баткен шаарында “Манас оюндары” мелдеши өтүүдө

Спорт 13 Октябрь 2025 10:15
560316107_826955263011026_9160844799441024243_n.jpg
559085855_826904439682775_424873381243241479_n.jpg
560553934_826812323025320_5888058125441034900_n.jpg
559157571_826904609682758_7023568496439421407_n.jpg
560509598_826759613030591_2846199838561602246_n.jpg
561009936_826870353019517_7360688059316060359_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Дене тарбия жана спорт агенттиги

Бишкек, 13.10.25. /Кабар/. Баткен шаарында “Манас оюндары” мелдеши өтүүдө.

Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашкандай, спорттук иш-чарага Кыргызстандын 7 облус жана 2 шаарынан келген спортчулар катышууда.

“Манас оюндары” спорттун улуттук түрлөрү - айкүр, кыргыз күрөш, ордо, салбуурун жана тогуз коргоол боюнча өткөрүлүп жатат.

“Манас оюндары” кыргыз элинин байыркы тарых, салты, маданий баалуулуктарынан күч алган, улуттук спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө жана жайылтууга арналган ири республикалык спорттук иш-чара болуп эсептелет.

Аталган таймаш улуттук оюндарды жандандырып, ден соолукту чыңдоого багытталган.

Мелдеш бүгүн, 13-октябрда аяктайт.