Баткен шаарында үч жаңы сейил бак куруу пландалууда

Аймак Загрузка... 12 Июнь 2026 11:15
WhatsApp Image 2026-06-08 at 14.20.43 (1).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Баткен облусунун аймагында тургундардын, өзгөчө балдардын эс алуусу үчүн заманбап оюн-зоок комплекстерин жана сейил бактарды куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин өкүлү Мамыржан Рахимов билдирди.

Анын айтымында, эл менен жолугушууда эң көп көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн бири эс алуу жайларынын жетишсиздиги болууда. Облус башчысы аймактардагы жолугушууларда ички жана сырткы инвесторлорду ушул тармакка каражат салууга чакырып жатканын билдирди.

"Эс алуу жана оюн-зоок объектилерин курууга даяр ишкерлерге мамлекет тарабынан максималдуу колдоо көрсөтүлөт. Биз аларга жер тилкелерин убагында бөлүп берүүгө жана жеңилдетилген насыяларды алууга көмөктөшүүгө даярбыз. Учурда Баткен шаарында ичинде заманбап оюн-зоок аянтчалары бар ири соода борборун куруу боюнча ишкерлерден сунуштар түшүп жатат", — деди ал.

Анын айтымында, буга чейин АРИС уюмунун колдоосу менен облуста эки сейил бак толугу менен жаңыланып, пайдаланууга берилген. Бул тажрыйбаны улантуу максатында Баткен шаардык мэриясына дагы үч аймакта жаңы парктарды уюштуруу тапшырмасы берилди.

"Мэрия менен сүйлөшүп, Булак-Башы, Чет-Булак жана аэропорт тарапка 3 парк курууну пландаштыргыла дедим. Бул долбоорлор ишке ашса, тургундардын жана коноктордун эс алуусуна жакшы шарт түзүлмөк", - деди ал.