Баткен районунун чек арага жакын аймактарындагы жарандарды көчүрүү иштери аяктады

Аймак 1 ноябрь 2025 09:31
FB_IMG_1761967845319.jpg
FB_IMG_1761967845847.jpg
FB_IMG_1761967851418.jpg
FB_IMG_1761967840445.jpg
FB_IMG_1761967857845.jpg
FB_IMG_1761967848152.jpg
FB_IMG_1761967865916.jpg
FB_IMG_1761967869267.jpg
FB_IMG_1761967873275.jpg
FB_IMG_1761967877981.jpg
FB_IMG_1761967881256.jpg
FB_IMG_1761967887602.jpg
FB_IMG_1761967891599.jpg
FB_IMG_1761967892383.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1761967845319.jpg
FB_IMG_1761967845847.jpg
FB_IMG_1761967851418.jpg
FB_IMG_1761967840445.jpg
FB_IMG_1761967857845.jpg
FB_IMG_1761967848152.jpg
FB_IMG_1761967865916.jpg
FB_IMG_1761967869267.jpg
FB_IMG_1761967873275.jpg
FB_IMG_1761967877981.jpg
FB_IMG_1761967881256.jpg
FB_IMG_1761967887602.jpg
FB_IMG_1761967891599.jpg
FB_IMG_1761967892383.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 01.11.25. /Кабар/. Баткен районунун чек арага жакын аймактарындагы жарандарды көчүрүү иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Атап айтканда, Баткен районунун Достук жана Дөбө айылдарынын, Ак-Татыр айыл аймагынын Таш-Тумшук айылынын, Көк-Терек жана Мазеиттин жери участкаларынын, ошондой эле Самаркандек айыл аймагынын Тескей участкасынын тургундары Бужум айылына караштуу Чет-Булак участкасына курулган жаңы конуштагы 181 турак жайга көчүрүлдү.

Көчүрүү иштери Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык жумушчу тобу тарабынан коюлган протоколдук тапшырмалардын негизинде жүргүзүлдү.

Демаркациялоо ишинин алкагында тиешелүү инвентаризациялоо процесстери аяктап, учурда жогорудагы аймактарды өткөрүп берүү жана Тажикстандын Исфара, Б. Гафуров жана Ж.Расулов райондорунун айрым аймактарын өткөрүп алуу иштери улантылып жатат.

Эки өлкөнүн өкмөттөр аралык биргелешкен демаркациялык комиссиясынын кыргыз-тажик жумушчу топторунун протоколдук тапшырмасынын негизинде:

  • Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Достук жана Дөбө айылдарынын, Ак-Татыр айыл аймагынын Таш-Тумшук айылынын, Көк-Терек жана Мазеиттин жери участкаларынын, Самаркандек айыл аймагынын Тескей участкасындагы жалпы 181 турак жай, 133 бош жер тилкеси, 8 социалдык объект жана башка имараттар Тажикстанга өткөрүлүп берилди;
  • ал эми Тажикстандын Исфара районунун Чорку жамаатына караштуу Сомониён, Кожо-Аьло айылдары жана Орто-Боз участогунан жалпы 198 турак үй, 84 бош жер тилкеси, 12 социалдык объект Кыргызсьанга өткөрүлүп алынып, тиешелүү ички иштер органдарынын жана чек ара кызматкерлеринин кайтаруусуна тапшырылды.

Баткен районунун Достук айылынын жамааты жума намаздан кийин ата-бабалардын элесине куран окуп, бата кылышты. Андан соң жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүлүп, көчүрүү иштери жана жаңы конуштагы жашоо шарттары боюнча маалымат берилди.

Достук айылында Баткен жана Согди облустарынын башчыларынын, облустук мекеме ишканалардын жетекчилеринин, ошондой эле кыймылсыз мүлктү инвентаризациялоо боюнча комиссиялардын биргелешкен жолугушуусу өттү.

Жолугушууда эки облус башчылары чек ара тилкесиндеги иштердин жүрүшү тууралуу маалымат берип, жыйынтыгында Баткен жана Исфара райондорунун тиешелүү комиссиялары инвентаризациялык акттарды өз ара алмашышты.

Ал эми Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Раззаков айылынын И. Нурматов жана А. Жаныбаев көчөлөрүнүн, Сада участкасынын жана Максат айылынын тургундарын көчүрүү иштери 2025-жылдын 30-ноябрына чейин толук аяктоо пландалууда.