Бишкек, 04.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Ысык-Көл облусунун Кырчын жайлоосундагы “Көчмөндөр ааламы” этномаданий шаарчасында жайгашкан Баткен ордосу чет өлкөлүк коноктордун өзгөчө кызыгуусун жаратууда.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, ордого келген меймандар облустун тарыхы, маданияты, улуттук каада-салты, кол өнөрчүлүгү жана жаратылышынын өзгөчөлүктөрү менен таанышууда.
Өзгөчө Баткендин символу болгон Айгүл гүлү жана өрүкзар композициялары чет өлкөлүк конокторду суктандырды.
Мындан тышкары, облустан келген өнөрпоздордун ыр-күүлөрү жаңырып, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери, улуттук буюмдар жана Баткенге таандык өзгөчө маданий баалуулуктар көргөзмөгө коюлган.
Баткен ордосу облустун тарыхын, маданиятын, жаратылышын жана улуттук баалуулуктарын дүйнө элине тааныткан маанилүү маданий аянтча болууда.