Баткен, 20.03.26. /Кабар/. Бүгүн, 20-мартта, Баткен облусунун аймагындагы жума намазы окулуучу бардык мечиттерде Орозо айт намазы окулду. Анда жергебизге тынчтык, элибизге аманчылык жана өлкөбүзгө өнүгүү тилеп бата кылынды.
Аймактагы өкүлчүлүгүнөй билдиришкендей, президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов Баткен шаарындагы борбордук мечитте жамаат менен бирге айт намазын окуду.
“Облус башчысы бул куттуу күнү бардык мусулман бир туугандарга жакшылык, элибизге ынтымак, ар бир үй-бүлөгө береке каалап, кармаган орозолор, аруу тилектер жана жасалган соопчулук иштер кабыл болуусуна тилектештигин билдирди”, — деп айтылат маалыматта.