Баткен облусунун экономикалык көрсөткүчтөрү өсүүдө – президент

Президент 12 октябрь 2026 16:00
Баткен облусунун экономикалык көрсөткүчтөрү өсүүдө – президент
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Баткен облусунун ички дүң региондук продукциясынын көлөмү 2027-жылы 67 млрд 537 млн сомго жетет. Бул 2021-жылдагы көрсөткүчтөн дээрлик 2,5 эсеге көп. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Кадамжай жана Кызыл-Кыя шаарларынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы облустун ички дүң региондук продукциясынын көлөмү 27 млрд 83 млн сомду түзгөн.

Ошондой эле аймакта өнөр жай продукциясынын көлөмү да өскөн. Атап айтканда, 2021-жылы 3,9 млрд сомду түзсө, 2025-жылы 8,3 млрд сомго жеткен.

Президент экономиканын өсүшү калктын кирешесинин көбөйүшүнө, жаңы жумуш орундарынын түзүлүшүнө жана жашоо шарттарынын жакшырышына өбөлгө түзөрүн белгиледи