Баткен облусунун башчысы жарандардын арыз-муңун телефон аркылуу угат — Кабар

Баткен облусунун башчысы жарандардын арыз-муңун телефон аркылуу угат

Аймак 13 июль 2026 11:00
Баткен облусунун башчысы жарандардын арыз-муңун телефон аркылуу угат
copyright icon WWW

Бишкек, 13.07.26. /Кабар/. Эртең, 14-июлда президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов жарандардын кайрылууларын жана арыз-даттанууларын телефон аркылуу кабыл алат.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жарандар саат 10:00дөн 12:00гө чейинки аралыкта телефон чалып, облус башчысына түз байланышка чыга алышат.

Байланыш номери: 0556-32-33-02.

Белгиленгендей, чалуулар жогоруда көрсөтүлгөн убакытта гана кабыл алынат.