Баткен облусунун башчысы Самаркандек айыл аймагынын эли менен жолукту

Аймак 14 Февраль 2025 17:34
478759047_1165874818239305_43454260336279190_n.jpg
480073925_1165876971572423_6412334926949676626_n.jpg
480120922_1165874938239293_5300430064600295217_n.jpg
480136709_1165896504903803_5485103625365955285_n.jpg
480244018_1165881428238644_4557327853177852965_n.jpg
478562755_1165896601570460_6335776515527439109_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы

Бишкек, 14.02.25. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов Самаркандек айыл аймагынын эли менен жолукту.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, айыл эли алгач эле сугат суу көйгөйүн чечип берүүнү суранышты. Социалдык объектилерге болгон муктаждык, үч нөөмөт менен иштеп жаткан Жаңы-Бак айылындагы мектеп жана бала бакча маселеси дагы көтөрүлдү.

Ошондой эле жаңы конуштардын инфратүзүмүн жакшыртуу зарылчылыгын жана айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоо үчүн таштанды жыйноочу унаа менен камсыздоо зарыл экенин айтышты.

Мындан тышкары, ипотекалык үйлөр боюнча маалымат ала албай жатышканын, Баткенге мамлекеттик ипотекалык компаниянын кеңсесин ачуу керектигин белгилешти.

Облус башчысы аймактын социалдык, экономикалык муктаждыгын чечүү багытында айтылган бардык маселелерди чечүү боюнча иш алып барылаарын айтып, элди биримдикте болуп, аймактагы муктаждыктарды чечүүгө салым кошууга, тартипти жана тазалыкты сактоого чакырды.