Баткен облусунун башчысы 100 жаштагы Кайрыл ападан кабар алды

Аймак 07 Март 2025 12:14
482356271_1180908970069223_2236335834596526515_n.jpg
481080919_1180909143402539_2961641423286863921_n.jpg
481829903_1180909086735878_511745728422268179_n.jpg
Алдыга
Артка
482356271_1180908970069223_2236335834596526515_n.jpg
481080919_1180909143402539_2961641423286863921_n.jpg
481829903_1180909086735878_511745728422268179_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы

Бишкек, 07.03.25. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов Көк-Таш айылынын 100 жаштагы тургуну Каратаева Кайрыл ападан кабар алып, 8-март аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктады.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, кайрыл апа 13 баланын апасы жана
100дөн ашуун небере-чеберенин чоң энеси.

Апанын 40 жаштагы уулу Мамасалы Каратаев 2021-жылдын апрель айында болгон кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда, жарадар болгон аскер кызматкерлерине жардам берип жаткан учурунда каза болгон.

Облус башчысы баатыр уулду тарбиялаган апага ыраазычылык билдирип, бекем ден соолук жана узак өмүр каалап, белектерин тапшырды.

Белгилей кетсек, бүгүн жер жерлерде улгайган көп балалуу апаларды жергиликтүү жетекчилер куттуктоодо.