10 баласы, 149 небере-чөбөрөсү бар. Баткенде 100 жаштагы карыядан облус башчысы кабар алды

Аймак 10 Октябрь 2025 11:49
561204432_1346820783478040_8779119905867080845_n.jpg
557754358_1346820366811415_6791127978731644456_n.jpg
558461196_1346820680144717_541357030936731709_n.jpg
561156527_1346820466811405_6093777672787153156_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 10.10.25. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменов, Лейлек районунун Жети-Таш айылында жашаган Кудайназар Сыдыков атадан кабар алды. Анын 159 бала-бакырасы бар.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, облус башчысы 100 жаштагы атанын ден соолугун сурап, бакубат жашоо каалап, белектерин тапшырды.

Кудайназар ата Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде тылда эмгектенип, согуштан кийинки калыбына келтирүү иштерине катышкан.

Ата 10 баланы тарбиялап өстүрүп, 40 небере, 103 чебере, 6 кыбыралуу болгон.

Белгилей кетсек,1-октябрь Эл аралык карылар күнүнө карата облус башчысынын буйругу чыгып, Баткен облусунда карыларга кам көрүүнүн бир айлыгы жарыяланган.