Баткен облусунда учурда 100 жаштан ашкан 24 карыя жашайт

Аймак 01 Октябрь 2025 15:15
556877226_1339353244224794_672822282648928641_n.jpg
558067806_1339375064222612_2385257926415869206_n.jpg
556937172_1339362270890558_7420074100201911699_n.jpg
Алдыга
Артка
556877226_1339353244224794_672822282648928641_n.jpg
558067806_1339375064222612_2385257926415869206_n.jpg
556937172_1339362270890558_7420074100201911699_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 01.10.25. / Кабар/. Баткен облусунда учурда 100 жаштан ашкан 24 карыя жашайт. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, алардын баарына облус жетекчисинин белектери жеткирилүүдө.

Облус жетекчисинин орун басары Бактыбек Токсонбаев Баткен районунун Согмент айылынын тургуну, 100 жаштагы Назарали Ураимовдон кабар алды. Анда ал облус башчысы Айбек Шаменовдун куттуктоосун жеткирип, белектерин тапшырды.

Назарали атанын 9 баласы, 100гө жакын небере-чөбөрөлөрү бар. Ал Улуу Ата Мекендик согуш учурунда тылда, согуштан кийин эсепчи болуп эмгектенген.

Белгиленгендей, 1-октябрь Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата облус башчысынын буйругуна ылайык, карыларга кам көрүүнүн бир айлыгы жарыяланган.

Бул багытта Баткен облусунун аймагында карыларга сый-урмат көрсөтүү иш-чаралары жүрүүдө.