Баткен облусунда туризмди өнүктүрүү боюнча кеңешме өттү

Аймак 1692 28 Февраль 2025 17:00
480709492_1175735057253281_4334172653769000241_n.jpg
480931222_1175735127253274_8749934880179041414_n.jpg
481053089_1175735183919935_783281169254593527_n.jpg
481084323_1175735170586603_1222624553208064899_n.jpg
481085688_1175735113919942_1548792669962220299_n.jpg
481293013_1175735067253280_3054849583132635158_n.jpg
Алдыга
Артка
480709492_1175735057253281_4334172653769000241_n.jpg
480931222_1175735127253274_8749934880179041414_n.jpg
481053089_1175735183919935_783281169254593527_n.jpg
481084323_1175735170586603_1222624553208064899_n.jpg
481085688_1175735113919942_1548792669962220299_n.jpg
481293013_1175735067253280_3054849583132635158_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы

Бишкек, 28.02.25. /Кабар/. Бүгүн Баткен шаарында туризмди өнүктүрүү маселелерине арналган кезектеги кеңешме өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага Туризм департаментинин директорунун орун басары, президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн аппаратынын эл аралык кызматташуу, инвестиция жана туризм бөлүмүнүн башчысы, райондук администрациялардын орун басарлары, ошондой эле жергиликтүү туризм тармагында иш алып барган ишкерлер катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө Баткен облусунун туристтик брендин кабыл алуу, аны жайылтуу, облустун туристтик потенциалын жогорулатуу, инфраструктураны жакшыртуу жана жаңы туристтик маршруттарды иштеп чыгуу маселелери талкууланды.

Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова өз сөзүндө Баткен облусунун уникалдуу жаратылышы жана тарыхый мурастары ички жана тышкы туристтер үчүн чоң кызыгууну жаратканын белгилеп, бул багытта биргелешип иш алып баруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Мындан тышкары, кеңешмеде жергиликтүү ишкерлер туризмди өнүктүрүүдө туш болуп жаткан көйгөйлөрүн жана сунуштарын ортого салышты.

Жыйындын соңунда катышуучулар туризм тармагын өнүктүрүү боюнча конкреттүү чараларды көрүү жана кызматташууну күчөтүү боюнча макулдашышты.

Белгилей кетсек, акыркы жылдары Баткен облусунда туризмди өнүктүрүү боюнча бир катар иш-чаралар өткөрүлүп, аймактын тарыхый жана жаратылыш объектилери туристтер үчүн жеткиликтүү болуп жатат. Мисалы, Мадыген геопаркы, Кан-и-Гут үңкүрү жана Асан-Үсөн чокусу сыяктуу жайлар туристтердин кызыгуусун арттырууда.