Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Баткен облусунда саат 10:00гө карата шайлоочулардын 3,3%ы добуш берди.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн басма сөз кызматынан билдиришкендей, облуста шайлоочулардын жалпы саны 355 миң 192 жаранды түзөт.
Учурда 11 миң 726 жаран добуш берди. Аймакта жалпы 220 шайлоо участкасы иштеп жатат.