Баткен облусунда былтыр 40,5 чакырым жол курулду

Аймак 813 02 Февраль 2026 17:30
627372468_1436454217848029_1203972454378089519_n (1).jpg
627461802_1436454331181351_104627627242913364_n.jpg
627361329_1436454271181357_4217231437594881459_n.jpg
626723857_1436454367848014_2876033228871761469_n.jpg
627353521_1436454214514696_2196614548249255602_n.jpg
627352115_1436454197848031_5487990285245933208_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 02.02.26. /Кабар/. Баткен облусунда былтыр 40,5 чакырым жаңы жол курулуп, 83,313 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылга жалпы 61 жол объектисинде курулуш, оңдоо иштерин аткаруу пландалган. Тагыраагы, 92 км шагыл жолдорду куруу жана оңдоо, 118 км жолго асфальт төшөө каралган. Анын ичинде жылдан-жылга өтүп каржылануучу объекттер да бар. Бул объектердин жалпы сметалык баасы 4,8 млрд сомду түзөт.

Иш жүзүндө жыл ичинде 40,5 км шагыл жол куруу жана оңдоо, 83,313 км жолду асфальттоо иштери аткарылды. Жалпы каржылоо 1 299,8 млн сомду түздү. Калган жолдор 2026-жылдын планына аткарууга өттү.