Баткен облусунда бүгүн 8 социалдык объект ачылды

Аймак 20 Март 2025 15:00
485641714_1190774132416040_2448347754455221965_n.jpg
485696092_1190774169082703_413147427223144741_n.jpg
485725710_1190774245749362_474116344075598216_n.jpg
485774329_1190774242416029_6875490967945392552_n.jpg
485792925_1190774389082681_3441901097770892646_n.jpg
Алдыга
Артка
485641714_1190774132416040_2448347754455221965_n.jpg
485696092_1190774169082703_413147427223144741_n.jpg
485725710_1190774245749362_474116344075598216_n.jpg
485774329_1190774242416029_6875490967945392552_n.jpg
485792925_1190774389082681_3441901097770892646_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 20.03.25. /Кабар/. Бүгүн Баткен облусунун аймагында 5 билим берүү жана 3 саламаттыкты сактоо объектилери пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Президент Садыр Жапаров Баткен шаарындагы И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окуу-дарылоо жана илимий комплексинин салтанаттуу ачылышына катышып, башка 7 объекттин ачылуусуна аралыктан старт берди.

Алар:

  • Баткен районунун Алтын-Бешик айыл өкмөтүнө караштуу Таян айылындагы 150 орундуу Таян орто мектеби;
  • Баткен шаарынын Базар-Башы кварталындагы 500 орунга ылайыкташтырылган С.Айтматов атындагы орто мектеби;
  • Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын Кара-Жыгач айылындагы 375 окуучуга ылайыкташтырылган “Дыйкан”орто мектеби;
  • Кадамжай районунун Марказ айыл аймагына караштуу Көк-Талаа айылындагы 275 окуучуга ылайыкташтырылган “Кудайкул Саттаров” атындагы орто мектеби;
  • Кадамжай шаарындагы 90 орундуу “Ромашка” мектепке чейинки билим берүү мекемеси.

Билим берүү мекемелеринин курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, заман талабына ылайык жабдуулар менен камсыздалган. Окуучуларга кесипке багыт берүү үчүн кааналар, китепкана, спорт эмеректери менен спорт залы, жыйындар залы, компьютердик кааналар түзүлгөн.

Мындан тышкары, Лейлек районунда:

  • Кулунду айыл аймагынын Раззаков айылындагы №25- үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу;
  • Кулунду айыл аймагынын Ак-Арык айылындагы №7-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу;
  • Үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору, "CASA-1000 долбоорунун алкагында, АРИС уюму тарабынан курулду.