Баткен облусунда 57 объектте курулуш жана оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө

Аймак 23 Май 2025 17:00
499859178_1238064057687047_8919144738931834885_n.jpg
499446522_1238064151020371_2025744339832216704_n.jpg
499455033_1238064207687032_4628728697026918552_n.jpg
499581600_1238064197687033_4410555478662072977_n.jpg
499599635_1238064271020359_774724675194012091_n.jpg
499629730_1238064084353711_8466580742694942580_n.jpg
499667811_1238064061020380_2860167994577893690_n.jpg
499770480_1238064327687020_4589143786462858221_n.jpg
499783085_1238064304353689_8820158027071651658_n.jpg
499969854_1238064414353678_9012065912065347469_n.jpg
500299823_1238064384353681_8143599645211914603_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 23.05.25. /Кабар/. Баткен облусунан 2025-жылга титулдук тизмеге кирип, республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу жалпы 57 объект каралган.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, анын ичинен:

  • 34 мектеп;
  • 5 спорт комплекс;
  • 8 балдар бакчасы;
  • 2 адмнистративдик имараттар;
  • 4 саламаттыкты сактоо мекемеси;
  • 2 маданият тармагы;
  • 2 таза суу менен камсыздоо объектилери бар.

Алардын ичинен Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан быйылкы жылы жалпы 17 социалдык объекттин курулушун жана капиталдык оңдоп-түзөө иштерин бүткөрүү пландалган.

Курулушунун бүтүүсү пландалган 9 жаңы объект:

  • Баткен шаарындагы облустук юстициянын административдик имараты;
  • Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын административдик имараты;
  • Баткен районунун Жаңы-Жер айылындагы 500 орундуу орто мектеп;
  • Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылындагы 225 орундуу орто мектеп;
  • Лейлек районунун Миң-Жыгач айылындагы 225 орундуу орто мектеп;
  • Лейлек районунун Айкөл айылындагы 225 орундуу орто мектеп;
  • Лейлек районунун Бешкент айылындагы 500 орундуу орто мектеп;
  • Лейлек районунун Мурас айылындагы спорт комплекси;
  • Баткен шаарындагы Россия Федерациясы тарабынан курулуучу мектептин инженердик курулмалары.

Мындан сырткары 8 объекттин капиталдык оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлөт.

Жалпысынан 2025-жылдын 4 ай аралыгында курулуштарга 165 385,7 миң сом каржыланды.