Бишкек, 04.03.25. /Кабар/. Баткен облусунун аймагында 1-2-мартта жалпы элдик ишембилик өттү.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, ишембилик шаарлардын жана калктуу конуштардын санитардык абалын жакшыртуу, аймактарын көрктөндүрүү, бак-дарактардын аянттарын көбөйтүү максатында уюштурулуп, ага жалпы 19 миңден ашуун адам катышты.
Натыйжада 368 тонна таштанды чыгарылып, 5275 мөмөлүү жана ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулду.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын 1-мартынан 1-июнуна чейинки аралыкта президенттин Баткен облусундагы өкүлү Айбек Шаменовдун буйругуна ылайык, облус аймагында айлана-чөйрөнү көрктөндүрүүнүн үч айлыгы жарыяланды.