Баткен облусун өнүктүрүү багыттары жана көйгөйлүү маселелери талкууланды

Аймак 10 Июнь 2026 10:15
6a280a7673a5a.jpeg
6a280aa1ed386.jpeg
6a280aa1adf12.jpeg
6a280aa0ceda0.jpeg
6a280aa0c8804.jpeg
6a280a8227cde.jpeg
6a280a821d029.jpeg
6a280a7abcd72.jpeg
Алдыга
Артка
6a280a7673a5a.jpeg
6a280aa1ed386.jpeg
6a280aa1adf12.jpeg
6a280aa0ceda0.jpeg
6a280aa0c8804.jpeg
6a280a8227cde.jpeg
6a280a821d029.jpeg
6a280a7abcd72.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 10.06.26. /Кабар/. Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев өлкө аймактарынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн комплекстүү изилдөө жана инвестициялык портфелди түзүү иштерин жүргүзүүдө. 

Бул ирет Баткен облусунун социалдык-экономикалык потенциалын арттыруу максатында, облустун Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорун өнүктүрүү багыттары жана көйгөйлүү маселелери талкууланды. 

Жыйынга президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары — акимдер жана шаар мэрлери катышып, өз аймактары боюнча даярдалган долбоорлорду презентациялашты.

Өзгөчө айыл чарба, туризм, өндүрүш, таза суу жана энергетика тармактарына көңүл бурулду. Бул багыттар жергиликтүү калктын жашоо деңгээлин көтөрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө таасир этет.

Учурда республика боюнча жалпы көлөмү 460 миллиард сомго жакын 170тен ашык инвестициялык долбоорлор сунушталып талкууланып жатат. Бул демилгелер ишке ашса, аймактардын социалдык-экономикалык абалына олуттуу өзгөрүү алып келерин Бакыт Төрөбаев белгиледи. 

Мындай иштердин негизги максаты — өлкөнүн ар бир районунун инвестициялык мүмкүнчүлүгүн так аныктап, аны инвестициялык долбоорлор аркылуу реалдуу экономикалык өсүшкө айлантуу.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров тарабынан өлкө боюнча инвестициялык долбоорлорду системалаштыруу, сапаттуу инвестициялык портфель түзүү жана ар бир аймактын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу боюнча конкреттүү тапшырмалар коюлган.