Баткен облусу ЮНИСЕФ менен кызматташтыгын жандантат

Аймак 31 июль 2025 13:00
526636705_1288948849265234_3637280055720565814_n.jpg
526438605_1288948955931890_2453875785506508715_n.jpg
526300787_1288948902598562_3751440295491675351_n.jpg
Алдыга
Артка
526636705_1288948849265234_3637280055720565814_n.jpg
526438605_1288948955931890_2453875785506508715_n.jpg
526300787_1288948902598562_3751440295491675351_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 31.07.25. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов ЮНИСЕФ уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа менен жолукту.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, Айбек Шаменов Баткен облусу ЮНИСЕФ менен алдыда балдардын укугун коргоо, саламаттык сактоо, билим берүү тармактарында активдүү кызматташууга даяр деп белгиледи.

Тараптар жолугушууда балдардын саламаттыгы, майыптуулугу, тамактануусу, аларга болгон зордук-зомбулук, адистердин жетишсиздиги темаларында сүйлөшүп, бул багытта көйгөйлөрдү жеңилдетүү боюнча кызматташтыкты улантууну жана балдардын өсүп-өнүгүүсү үчүн шарттарды жакшыртууну макулдашты.

Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды калыптандыруу, коомго аралаштыруу багытында шарт түзүү зарылчылыгын белгилешти.

Тараптар жолугушуунун соңунда кызматташтыкты чыңдоо, кеңейтүүгө ишеничтерин билдиришти.