Баткен менен Өзбекстандын чектеш аймактарынын ортосунда кызматташуу активдүү уланат

Аймак 1261 15 Апрель 2025 17:15
492022595_1210837320409721_5859623570289544046_n.jpg
491834354_1210837410409712_6110225835779754322_n.jpg
491086011_1210837610409692_3697674866997076160_n.jpg
491509826_1210837540409699_7576591115835081791_n.jpg
491126078_1210837487076371_5380599332643929900_n.jpg
Алдыга
Артка
492022595_1210837320409721_5859623570289544046_n.jpg
491834354_1210837410409712_6110225835779754322_n.jpg
491086011_1210837610409692_3697674866997076160_n.jpg
491509826_1210837540409699_7576591115835081791_n.jpg
491126078_1210837487076371_5380599332643929900_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 15.04.25. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов Ош шаарындагы Өзбекстандын башкы консулу Зафарбек Ахмедов менен жолукту.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, тараптар Баткен облусу менен Өзбекстандын жакынкы облустарынын ортосунда кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Анын ичинде соода-экономикалык алакаларды кеңейтүү, туризмди өнүктүрүү, кошуна элдердин ынтымагын бекемдөө боюнча пикир алышты.

Жыйынтыгында жакынкы убактарга пландалган кыргыз-өзбек-тажик элдеринин катышуусундагы Эл аралык ыр фестивалын Баткен шаарында уюштуруу, маданий гуманитардык байланыштарды чыңдоо боюнча сүйлөштү.

Ошондой эле кошуна элдин карым катнашын бекемдөө жана туризмди өнүктүрүү үчүн Өзбекстандын жакынкы облустары менен Баткен облусунун ортосунда маршруттук каттамдарды уюштуруу маселесин ортого салышты.

Ал эми жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүү үчүн ишкерлер ортосунда байма-бай жарманкелерди өткөрүү зарылчылыгын белгилешти.

Айбек Шаменов менен Зафарбек Ахмедов, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин, буга чейинки эки тараптуу кызматташтыкты жогорку деңгээлге алып чыгуу боюнча кол койгон документтерине ылайык, бардык багыттарда зор мүмкүнчүлүктөрдү белгилеп, ар тараптуу кызматташуунун өнүгүүсүнө ынтызарлыгын жана ишенимин билдиришти.