Баткен Франциянын Кыргызстандагы элчилиги менен кызматташтыкты арттырат

Аймак 01 Октябрь 2025 12:28
557612109_1339291630897622_8749498338365762176_n.jpg
557707527_1339292490897536_4575470018468961988_n.jpg
558177755_1339292530897532_7148492463958925539_n.jpg
557811331_1339291647564287_3903293018891621043_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 01.10.25. / Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен жолугушту.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, Бактыбек Токсонбаев Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө Франция элчилигинин көңүл бурушун жогору баалап, Баткен облусунун өнүгүүсү, инвестициялык жана туристтик потенциалы тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы маданий кызматташтыктын алкагында, Франциянын демилгеси менен Баткенде уюштурулуп жаткан сүрөт көргөзмө үчүн ыраазычылыгын айтты.

Тараптар мындан ары маданият, билим берүү, туризм тармактарында жемиштүү кызматташууну макулдашты.