Баткен электр тармактар ишканасынын имаратына күн панелдери орнотулду

Аймак 15 Август 2025 14:20
533100170_18073440368476120_4126289071191248601_n.jpg
531725192_18073440386476120_4363921096148191161_n.jpg
532392682_18073440395476120_8069162103351024939_n.jpg
532902643_18073440377476120_5780882840251860771_n.jpg
533171172_18073440404476120_6842769690127002332_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 15.08.25. /Кабар/. Баткен электр тарамктар ишканасынын имаратына күн панелдери орнотулду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишкананын чатырына жалпы кубаттуулугу 150 кВт болгон күн панелдери орнотулуп, алардын 75 кВт кубаттуулугу активдүү иштеп жатат.

Бул көрсөткүчтөн 35 кВт түздөн-түз ишкананын ички керектөөлөрүнө жумшалууда. Ал эми калган 40 кВт борбордук электр тармагына кошулуп, жалпы системага берилүүдө.

Бул — жаратылышты коргоо менен катар өлкөнүн энергетикалык туруктуулугуна кошкон олуттуу салым.

Мындан тышкары, кайра жаралуучу электр энергия булактарын колдонуу демилгесин Сүлүктү райондук электр тармактары да колдоого алды. Өзүнүн административдик имаратынын чатырына жалпы кубаттуулугу 50 кВт болгон заманбап күн панелдерин орнотууну ийгиликтүү жүзөгө ашырды.