Баткен бренди кеңейүүдө: Дагы 10 продукция иштелип чыкты

Коом 9 декабрь 2025 15:57
594972776_1395390601954391_6952046192304118766_n.jpg
594973348_1395390658621052_2099497559606904660_n.jpg
594974540_1395390611954390_6833768971232128679_n.jpg
596502225_1395390078621110_2171130139592362355_n.jpg
596806548_1395390715287713_4562145718782683290_n.jpg
596818305_1395390885287696_1141328551926480773_n.jpg
596852425_1395390708621047_7662800094628165767_n.jpg
597392940_1395390665287718_6915714448442051753_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 09.12.25. /Кабар/. Баткенде "Бир айыл -бир продукт" долбоорунун алкагында япон технологиясы менен дагы 10 продукция чыгарыла баштады.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, аталган продукциялар улуттук экономикалык долбоордун алкагында бренд-комитеттин тандоосунан өттү. Алар:

  • кызылча нектары;
  • өрүк гүлү чайы;
  • кургатылган өрүк данеги менен;
  • малина концентраты;
  • алма нектары;
  • жаңгак жана кургатылган жемиштер;
  • ит мурун упасы;
  • өрүк данектеринен скраб;
  • өрүк мармелад;
  • өрүк бал менен.

"Бир айыл - бир продукт" улуттук экономикалык долбоору Баткен облусунда 2018-жылдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Бул аралыкта 45 продукция иштелип чыгып, алардын 29у бренд деген статуска ээ болуп, сертификаттар тапшырылган. Бүгүнкү күндө бренд статусундагы продукциялар республиканын аймагында сатыкка чыгарылууда.

Андан сырткары, бул продукциялардын ичинен "Нукура" конфети жана "Алыш-Дан" айыл чарба кооперативинин кургатылган өрүгү Россияга экспорттолууда.

Белгилей кетсек, Баткен облусу 2024-жылдын жыйынтыгын менен Бишкекте өткөн "Мыкты улуттук бренд" сынагында жеңүүчү деп табылган.