Батирди ижарага берүүчүлөр үчүн патенттик талаптар жана салык төлөө тартиби кандай?

Экономика Загрузка... 11 Ноябрь 2025 17:40
WhatsApp Image 2025-11-11 at 15.18.39.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.11.25 /Кабар/. Кыргызстанда батирди ижарага бергендер атайын салык төлөөгө милдеттүү. Бул тууралуу Салык кызматынын атайын салык режимин көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Исак Бекиев “Кабар” маалымат агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, батирди ижарага берүүчүлөр салык төлөш үчүн алгач салыктык каттоого турушу керек.

“Каттоодон өткөн соң, жеке кабинети үчүн логин жана сырсөз (пароль) алат. Жеке кабинет аркылуу ар ай сайын патентин онлайн узартып турууга мүмкүнчүлүк бар. 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча өлкөдө жалпысынан 43 миң 218 патент берилген. Алардын жалпы суммасы 84 млн 582 миң 900 сомду түзгөн”,- деди ал.

Бекиев белгилегендей, салыктын баалары аймактарда ар түрдүү белгиленген. Алсак, Бишкек шаарында батирлерди ижарага берүү боюнча патенттин чени 1 чарчы метрине 30 сомду түзөт. Ал эми жеке турак жайлардын 1 чарчы метрине 40 сомду түзөт.

“Ижарага батир берген жарандарды кантип аныктайбыз? Бүгүнкү күндө аймактык салык кызматтарынын иш пландарына ылайык атайын иштер жүргүзүлүп жатат. Бул үчүн Муниципалдык-аймактык башкармалыктан, үй комитетинин башчыларынан алынган маалыматтар колдонулат. Ошондой эле жарандардын арыздарынын негизинде да аныктоо жүргүзүлөт. Мындан тышкары, рейддер уюштурулуп, ошол учурда да ижара берүү фактылары аныкталууда”, - деди ал.