Басма сөз күнүнө карата журналисттер арасында футболдук мелдеш өтөт

Спорт Загрузка... 16 Октябрь 2025 18:08

Бишкек, 16.10.25. /Кабар/. Журналисттер союзу 7-ноябрь – Кыргызстандын Басма сөз күнүн белгилөө максатында журналисттер арасында жолдоштук футбол мелдешин уюштурат.

Союздан билдиришкендей, бул иш-чарага медиа тармагында эмгектенген журналисттердин командалары катыша алышат. Мелдештин жеңүүчүлөрүнө баалуу сыйлыктар тапшырылат.

Мелдеш 1-ноябрь, саат 10:00до, Алма-Ата жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишиндеги Кыргыз футбол биримдигинин оюн талаасында өтөт.

Байланыш телефону: 0 (551) 35 81 18

"Журналисттердин биримдигин жана достугун чыңдаган бул спорттук иш-чарага келип, өз командаңызды колдоп, күйөрмандык кылууга чакырабыз!",-деп айтылат маалыматта.