Башкы прокурор Ереванда Коррупцияга каршы аракеттенүү жыйынына катышты — Кабар

Башкы прокурор Ереванда Коррупцияга каршы аракеттенүү жыйынына катышты

Саясат 3 октябрь 2025 16:25
557635248_1123007256684992_7201010720049956243_n.jpg
558897411_1123007236684994_4472205752458053486_n.jpg
558257577_1123007306684987_5429939884676653409_n.jpg
Алдыга
Артка
557635248_1123007256684992_7201010720049956243_n.jpg
558897411_1123007236684994_4472205752458053486_n.jpg
558257577_1123007306684987_5429939884676653409_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 03.10.25. /Кабар/. Башкы прокурор Максат Асаналиев бүгүн, 3-октябрда Армениянын Ереван шаарында өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Мамлекеттер аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, жыйында регионалдык өз ара аракеттенүүнү чыңдоо, прокуратуралык көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана мыкты тажрыйбаларды алмашуу маселелери каралды.

Башкы прокурор өз сөзүндө бизнес субъектилерин коррупциялык тобокелчиликтерден коргоонун механизмдерин түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстанда прокуратуранын ишмердүүлүгүн санариптештирүү жана ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча чаралар ишке ашырылып жатканын айтты.

Иш-чаранын алкагында Максат Асаналиев Армениянын башкы прокурору А. Вардапетян менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Тараптар ведомстволор ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечектерин талкуулап, коррупцияга каршы аракеттенүү, кадрларды даярдоо жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.