Башкы прокурор ЕККУнун өкүлү менен жолугушту. Эмне талкууланды?

Коом 22 май 2025 12:28
499596509_1018476463804739_5539888953502240174_n (1).jpg
499578085_1018476523804733_8068063932535230621_n.jpg
499724922_1018476590471393_4146360407286752540_n.jpg
499787794_1018476520471400_6983868041901987071_n.jpg
500012135_1018476423804743_4414725842341770446_n.jpg
Алдыга
Артка
499596509_1018476463804739_5539888953502240174_n (1).jpg
499578085_1018476523804733_8068063932535230621_n.jpg
499724922_1018476590471393_4146360407286752540_n.jpg
499787794_1018476520471400_6983868041901987071_n.jpg
500012135_1018476423804743_4414725842341770446_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 22.05.25. /Кабар/. Бүгүн, 22-майда башкы прокурор Марат Асаналиев Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Улуттук азчылыктардын иштери боюнча жогорку комиссары Кристоф Камп менен жолугушту.

Прокуратурадан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар укуктун үстөмдүгүн камсыздоо, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, ошондой эле улуттар аралык кастыкты жана экстремизмди алдын алуу багытында кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Тараптар өлкөдөгү укук тартибин жана этностор аралык ынтымакты чыңдоодо өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилешип, ЕККУ менен өнөктөштүктү мындан ары кеңейтүүнүн, адам укуктарын коргоо жаатында жаңы демилгелерди ишке ашыруунун зарылдыгына токтолушту.

Жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын потенциалын жогорулатууга багытталган биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча макулдашууга жетишилди.

Тараптар кызматташуунун мындан ары өнүгүшү укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, туруктуулукту бекемдөөгө жана мамлекеттин бардык жарандарынын укуктарын камсыздоого өбөлгө болоруна ишенимин билдиришти.