Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Москва районунун тургуну Элмира Бечелованын сот ишин көзөмөлгө алып, аудиожазуу боюнча экспертизаны кайра текшерүүнү тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчысы район тургундары менен жолугушууда билдирди.
Жолугушууда Элмира Бечелова "Кыял" базарына байланыштуу аудиожазуунун негизинде соттолгонун, бирок андагы үн өзүнө таандык эмес экенин айтып, ишти кайра кароону өтүндү. Анын маалыматына караганда, Жогорку сот жаңы жагдайларга байланыштуу мурдагы сот чечимдерин жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн. Учурда ал Биринчи май райондук сотунда каралууда.
Президент Башкы прокуратурага ишти көзөмөлгө алууну тапшырып, аудиожазуудагы үн менен арыздануучунун үнүн салыштырып, зарыл болсо кайра экспертиза жүргүзүү керектигин белгиледи.
"Эгерде чындап эле бул Элмира Бечелованын үнү эмес болсо, анда акташ керек. Адилеттүү карагыла", - деди Садыр Жапаров.