Жапаров: 40тан ашык курулуш компаниясы жарандарды алдаган

Коом
Жапаров: 40тан ашык курулуш компаниясы жарандарды алдаган
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда курулуш компанияларына турак жайларды пайдубалынан баштап сатууга тыюу салынды. Эми курулуштун кеминде имараты тургузулуп, чатыры жабылгандан кийин гана батирлерди сатууга уруксат берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Москва районунун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, буга чейин 40тан ашык курулуш компаниясы үйлөрдү котловандан сатып, бирок курулуш иштерин аягына чыгарбай же жарандардын акчасын кайтарбай кеткен учурлар көп болгон.

Ал белгилегендей, учурда мындай компанияларга карата кылмыш иштери козголуп, алардын мүлктөрү аныкталып, жооптуу адамдары кармалууда. Айрым объектилердин курулушу мамлекеттин көзөмөлү менен улантылып, жарандарга батирлери берилүүдө. Ал эми чыгымдын ордун толтурууга мүмкүнчүлүк болбогон учурларда күнөөлүүлөр мыйзам алдында жоопко тартылууда.

Президент курулуш компаниясы катары катталып, жарнама аркылуу жарандардын ишенимине кирип, кийин милдеттенмелерин аткарбай койгон учурлар көбөйгөнүн белгиледи. Натыйжада айрым жарандар сатып алган батирлерин 5-10 жылдан бери ала албай келишет.

Ушуга байланыштуу турак жайларды курулуштун баштапкы этабында сатууга чектөө киргизилгенин кошумчалады.