Башкы прокуратура Эл аралык валюта фонду менен кызматташууну арттырат

Экономика 1830 28 Март 2026 15:50
657086489_1260885006230549_6615229619698985251_n.jpg
656972192_1260885009563882_4437559769113199588_n.jpg
657400927_1260884999563883_7013484242744409055_n.jpg
Алдыга
Артка
657086489_1260885006230549_6615229619698985251_n.jpg
656972192_1260885009563882_4437559769113199588_n.jpg
657400927_1260884999563883_7013484242744409055_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 28.03.26. /Кабар/. Башкы прокурордун орун басары З.Акназаров Эл аралык валюта фондунун миссиясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда Эл аралык валюта фондунун консультацияларынын алкагында актуалдуу маселелер, анын ичинде коррупция, уюшкан кылмыштуулук, салыктык укук бузуулар жана башка ушул сыяктуу кылмыштарга каршы аракеттенүү, мыйзамсыз кирешелерди адалдоо фактылары боюнча иликтөөлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле Кыргызстандын 2025–2030-жылдарга карата коррупцияга каршы стратегиясын ишке ашыруу, финансы чалгындоо органдары менен өз ара аракеттенүү, татаал трансчегаралык финансылык кылмыштарды иликтөө жана прокуратура органдарынын институционалдык мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар конструктивдүү диалогдун маанилүүлүгүн белгилеп, кызматташууну мындан ары улантууга даяр экендиктерин билдиришти.