Бишкек, 11.08.26. /Кабар/. Башкы прокуратура жарандарды "tolom.kg" расмий сервисин туураган жасалма сайттар аркылуу жасалган алдамчылык фактыларынан сак болууга чакырды.
Прокуратуранын маалыматына ылайык, алдамчылар жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул боюнча карызы бар экени тууралуу жалган SMS-билдирүүлөрдү таратып, жарандарды жасалма сайттарга кирүүгө үндөшүүдө.
"Ал сайттарда банк картасынын номери, CVC/CVV-коду жана SMS аркылуу келген ырастоо кодун киргизүү талап кылынат. Бул маалыматтардын берилиши эсептеги акчанын уурдалышына алып келиши мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.
Башкы прокуратура "tolom.kg" сервисинин айып пулдардын бар-жогун текшерүү үчүн гана арналганын, төлөмдөрдү кабыл албастыгын жана банк картасынын реквизиттерин сурабай турганын белгиледи.
Жарандарга шектүү шилтемелерге кирбөө, банк маалыматтарын үчүнчү тараптарга бербөө жана айып пулдарды расмий мамлекеттик ресурстар же банктардын расмий тиркемелери аркылуу гана текшерүү сунушталат.
Эске салсак, алдамчылыкка кабылган учурда дароо укук коргоо органдарына кайрылуу керек.