Бишкек, 10.02.25. /Кабар/. 2025-2030-жылдарга карата коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын аткарылышы боюнча министрликтердин жана мамлекеттик органдардын коррупцияга каршы чараларды ишке ашырууга багытталган ведомстволук пландары иликтөөгө алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Иликтөөнүн жүрүшүндө айрым министрликтерде мамлекеттик стратегиянын иш-чаралары боюнча пландар бекитилбегендиги тастыкталган.
Ошондой эле Салык, Финансылык чалгындоо, Бажы кызматтарында жана мамлекеттик сатып алуулар департаментинин пландарында иш-чараларды аткаруунун так мөөнөттөрү көрсөтүлбөгөндүгү, иш-чаранын айрым пункттары стратегияга ылайык келбегендиги, коррупцияга каршы каралган чараларды жетишсиз эске алынышы жана аларды ишке ашыруу механизмдериндеги боштуктар менен байланышкан кемчиликтер аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча жогоруда белгиленген министрликтерге жана ведомстволорго сунуштар берилди.
Учурда мамлекеттик органдардын пландарын изилдөө улантылып, жыйынтыгы боюнча Башкы прокуратура тарабынан бул багыттагы маалыматтарды коомчулукка жеткирүү жана мыйзам бузууларды четтетүү боюнча чаралар көрүлөт.