Башкы байлык — кадрлар: Эксперт жасалма интеллектти өздөштүрүү жолун айтты

Коом 21 10 Август 2026 11:40
News_320101241481811764522628708702101344691.jpg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 10.08.26 /Кабар/. Кыргызстан жасалма интеллект багытын ыкчам өнүктүрбөсө, технологиялык жактан кечигип баратабыз. Бул тууралуу экономика илимдеринин доктору, профессор Гурас Жапаров “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Чолпон-Ата шаарында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында жасалма интеллект маселеси көтөрүлүп, күн тартибиндеги негизги темалардын бири болгон.

“Жасалма интеллект бүгүнкү күндө эң маанилүү багыттардын бири болуп калды. Кыргызстан бул тармакты күчөтүшү керек. Антпесек, абдан кечигип баратабыз. Биздин негизги потенциалыбыз — билимдүү кадрлар. Жасалма интеллектти да дал ушул билимдүү адамдар тез өздөштүрө алат. Күн сайын технологиялар өзгөрүп жаткан шартта бул багытты тезирек өнүктүрүү зарыл”, — деди Жапаров.