Бишкек, 18.09.25 /Кабар/. Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылында жаңы бала бакчанын курулушу жүрүп жатат.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, 71 миллион сомдук долбоор Турак жай-курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттен каржыланууда.
"Бүгүнкү күндө жумуш дээрлик 70% бүттү. Жалпы аянты 1052 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат 120 балага ылайыкталган жана бардык заманбап шарттар менен жабдылган", — деп белгилешти министрликтен.