Баш байге батир! Алымбек датканын 225 жылдыгына карата акындардын айтышы өтөт

Маданият Загрузка... 02 Сентябрь 2025 10:50
copyright icon www

Бишкек, 02.09.25 /Кабар/. Алымбек датканын 225 жылдыгына карата акындардын эл аралык айтышы өтөт. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11–12-сентябрда Ош облусунун Алай районунда даңазалуу Алымбек датка Асанбий уулунун 225 жылдык мааракесине арналган иш-чаралардын алкагында Гүлчө айылындагы маданият үйүндө ак таңдай акындардын эл аралык айтышы өтөт.

Айтышка төмөнкү өлкөлөрдөн төкмө акындар катышат:

  • Кыргызстан
  • Казакстан
  • Өзбекстан
  • Кытай Эл Республикасы

Айтыштын баш байгеси — Ош шаарынан бир бөлмөлүү батир!

Уюштуруучулар: Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү.